
Эртең, 23-августта Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы ачылат.
Шаардык мэриядан билдиргендей, эртең Жибек-Жолу көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы унаа кыймылы үчүн жабылат.
Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки жол бир нече этап менен оңдолот.