Ош облусунун Өзгөн районунда зордуктоого шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-августта Өзгөн районунун 2003-жылы туулган Ж.Н. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Айрым ЖМКлар 14 жаштагы кыздын көз жарганын жазышууда.