Өзгөндө өспүрүм кызга сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаганга шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда өспүрүм кызга сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаганга шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-августта Өзгөн районунун 2001-жылы туулган С. уулу С. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан