УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө башчы Садыр Жапаров менен тоодо эс алууда түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Сүрөт кайсы жерде, качан тартылганы белгисиз.
"Кудай берген жаратылышыбызды көздүн карегиндей сактайлы", - деп жазды Ташиев.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаровдун тоодогу эс алуусунан кийин жаратылыштагы таштандыларды терип жаткандагы видеосу жарыяланган.