ӨКМ Тоңдогу кырдаал боюнча маалымат берди

Тоң районунун аймагында абал турукташып, эвакуацияланган тургундар өз үйлөрүнө кайтышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Айыл аймак тарабынан 2 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, коктудан түшкөн суунун нугун Тоң суусуна буруп, суу каптоо коркунучу жоюлган.

Учурда жеринде райондук жарандык коргонуу кызматтарынан турган нөөмөт уюштурулган.

Белгилей кетсек, 21-августта Зындан көлү жырылып Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылына, Балык завод тилкесинде жашагандарга кооптуулук жаралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан