Ош шаарынын борбордук базар тарабында жайгашкан негизги көчөлөрдүн бири Райимбеков оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңыланган форматта шаардыктардын пайдалануусуна берилди. Ош шаарынын мэриясынын маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкуловдун SUPER.KG порталына берген билдирүүсүндө, буга чейин бул көчөлөрдө мыйзамсыз соода түйүндөр орун алып, шаардыктар үчүн эч бир шарттар жок эле.
Анын айтымында, жолдор кеңейтилип, жашылдандыруу иштери орун алып, шаардыктардын эс алуусу үчүн жолдун эки тарабына аллея курулган.
"Көчөдө соода-сатык жана коомдук тамактануучу жайлар талапка шайкеш келтирилди. Жашыл аймактарда тамчылатып сугаруу тутумун орнотуу, тротуарларга таман таштарды басуу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу, жашылдандыруу боюнча ар тараптуу жумуштар жүргүзүлгөн. Райондордон келип борбордук базардан соода кылып кетишет. Андыктан коноктор үчүн да негизги эс алуучу жайлардын бирине айланды. Заманбап LED-экрандар да орун алды. Аллеянын көп жылдык элге кызмат кылышы эс алуучулардан көз каранды", - деп белгиледи ал.
Сулайманкулов Райымбеков көчөсүндөгү жалпы оңдоп-түзөө иштеринин сметалык баасы 89 миллион сом болгондугун айтып, бир жыл ичинде курулуш иштери толук бүткөндүгүн кошумчалады.