Ысык-Көлдүн Садыр-Аке айылында селден жабыркаган 276 үй тазаланды

Кечээ, 22-августта Ысык-Көл облусунун Садыр-Аке айыл аймагында селден жабыркаган 276 үй тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, аталган айылда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп, тазалоо иштерине жалпы 927 адам, 66 инженердик техника, 3 өрт өчүрүүчү унаа, 4 ассенизатор жана 8 мотопомпа тартылды.
Ошондой эле "Чайна-Роуд" ишканасынан 25 инженердик техника тазалоо иштерин жүргүздү.
Бүгүн, 23-август күнү да тазалоо иштери улантылары айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан