Төө-Ашууда 40 килограмм сымапты ташып бараткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жеке адамдар сымаптын ири партиясын Баткен облусунан Бишкек шаарына сатуу максатында ташып келүүнү пландап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Төө-Ашууда Г.Ж. аттуу жаран кармалып, анын унаасынан 40 килограмм сымап табылган. Шектүү аны 8 миң долларга сатууну пландаган.
Учурда аталган факты боюнча тергөө иши, уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.