Казакстанда 28 жаштагы келин көп жыл күткөн үч эмди жарыкка алып келди 

Казакстандын Кентау шаарына жакын жайгашкан Хантагы айылынын 28 жаштагы тургуну көп жылдан бери күтүп жүрүп, үч эм төрөдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Андагы маалымат боюнча Бакыткүл Саттархан эки уул, бир кызды жарык дүйнөгө алып келген. Бакыткүлдүн үй-бүлөсү бул наристелерди алты жыл күтүшкөн. Ымыркайлардын аттарын: Багым, Ансар жана Аслан коюшканы айтылды.

Үч эм мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн. Алардын салмагы: 1 килограмм 480 грамм, 1 килограмм 380 грамм жана 1 килограмм 280 грамм болгон.

Учурда эне-балдардын абалы туруктуу экени, дарыгерлердин көзөмөлүндө эки айга жакын убакыт болушары маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан