Бишкектин четиндеги Чоң-Арык–Ала-Арча жаратылыш паркы унаа жолунун жээгине тосмолор орнотулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, жол кырсыктарын алдын алуу максатында жалпысынан 560 метр тосмо орнотулду.
Орнотуу иштери №25 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылды.