Бүгүн, 23-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Көк-Арт ашуусундагы узундугу 3890 метрди түзгөн тоннелди куруу иштери кызуу жүрүп жатат.
"Бул унаа жол тоннели көп функционалдуу тейлөөнү камтыйт. Комплекске – тоннелди таза аба менен камсыздоо системасы, тоннелден унаа түтүнүн чыгаруу тутуму, желдетүүчү жабдыктар, вентиляциялык камера, жер астындагы трансформатордук көмөкчордон, өрт өчүрүүчү насостук станциялар, диспетчердик борборлор, ошондой эле кошумча эмеректерди жана электр жабдууларын жайгаштыруу үчүн көмөкчү бөлмөлөр кирет. Учурда бетон төшөө иштери жүрүп жатат", - деп белгиленген маалыматта.
Ошондой эле альтернативдик унаа жолдун негизги иштеринин бүткөрүлүшү 2024-жылдын декабрында күтүлүүдө.
Акылбек Жапаров курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.