Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берүүдө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган министрликтин айрым кызмат адамдары “П.А.Т.” ЖЧКсынын жетекчилери менен макулдашып, алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк жана висмутка боюнча геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн мыйзам талаптарын бузуу менен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны мыйзамсыз трансформациялашкан.
Аталган факт боюнча министрликтин алдындагы Геологиялык кызматтын Жер казынасын иштетүү башкармалыгынын башчысы К.Р. жана “П.А.Т.” ЖЧКсынын мурдагы жетекчиси К.А. кармалып, Талас ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын чечими менен алтындын 10 тоннадан ашык запасы бар жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия жокко чыгарылды жана мамлекетке кайтарылды.