Өлкөдө жаратылыш кырсыктары болушу мүмкүн болгон аймактардын тизмеси жарыяланды

Кыргызгидромет кызматынын шашылыш билдирүүсүнүн негизинде, 23-25-август күндөрү туруксуз аба ырайына, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү, таш кулоосу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Республиканын унаа жолдоруна кооптуу сел жүрүү, таш кулоо айрыкча:
- Бишкек–Ош унаа жолунун 221-251, 9, 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;
- Бишкек – Балыкчы – Боом капчыгайындагы унаа жолдун 112-128-чакырымдарында;
- Балыкчы – Бөкөнбаева – Каракол унаа жолунун 60, 201-чакырымдарында;
- Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол 1-43, 65-100-чакырымдарында;
- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
- Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
- Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.
Министрлик өлкө жарандарын, айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан