Чүйдө каналга түшүп кеткен наристе төрт күндөн бери табыла элек 

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Дружба айылындагы каналга түшүп кеткен үч жаштагы бала 4 күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-августта ӨКМдин басма сөз кызматы тастыктады.

"Учурда бала табыла элек. Издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу чыкты. Ошондой эле баланын жакындары, жергиликтүү тургундар издеп жатышат", - деп билдирди мекемеден.

Белгилей кетсек, 19-август күнү Чүйдүн Дружба айылындагы каналга 2022-жылы туулган бала түшүп кеткени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан