Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушундагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-августта ӨКМдин басма сөз кызматы тастыктады.
Андагы маалыматка караганда, Арча-Бешик конушундагы Жазира көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 13:43дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2 бөлүм тартылган.
Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда.