Нарында 20 жыл мурун менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын 45 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери менен тил табышып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "Ак-Талаа АТП" ААКтын жалпы аянты 2,3 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

Наркы 45 миллион сом болгон аталган жер тилкеси 19-августта мамлекеттин балансына кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан