Бүгүн, 23-августта Чүй облустук кургак учукка каршы ооруканасынын мурдагы административдик имаратындагы 5 мобилдүү тез жардам бригадасына, анын ичинен 3 реанимациялык бригада жана 2 фельдшердик бригадага ылайыкталган тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекети ачылды. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бекет президенттин Административдик-аймактык реформалоо жөнүндө жарлыгын аткаруу максатында Лебединовка айылында ишке берилди.
"Тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекети Бишкек шаарына кошулган Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу конуштарды тейлейт", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чара саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда өткөндүгү маалыматта кошумчаланган.