Бишкекте университеттен секирүүгө аракет кылып, кийин каза болгон жаран: Милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду 

Бишкекте каза болгон 38 жаштагы жарандын окуясынан кийин аны кармаган милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, 9-август күнү, саат 22:37де Бишкек ШИИББнын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспекти №390 дарегиндеги Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин жатаканасынын 3-кабатынан “белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салууга аракет кылууда” деп билдирүү түшкөн.

Бул чакыруу боюнча, Бишкек ШИИББнын милиция кызматкерлери К.Б. жана Д.Т. аталган дареке барган учурда, болжол менен 30-35 жаштагы жаран аныкталып, ал жаран милиция кызматкерлеринен качууга аракет кылган.

"Андан ары, ал жаран Манас жана Жибек-Жолу проспектилеринин кесилишинен жогорудагы милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага карата физикалык күч колдонулган. Маркумдун жана ошол жердеги окуяга күбө болгон жарандардын жогорудагы жаранга дем жетпей дем ала албай жаткандыгы тууралуу айтууларына жана аны коё берүүсү боюнча суранычтарына көңүл бурбай, анын моюн-жаак тарабынан катуу басып жатып алгандын кесепетинен И.С. ошол жерден каза болгон.

Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан тийиштүү тергөөгө чейинки текшерүү иштерин ыкчам уюштуруу жана жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен аныкталып, Бишкек ШИИББнын милиция кызматкерлерине карата кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан