Зындан көлүнүн толуп келатканы тууралуу 17-августта бийликке эскертүү берилген. Бул тууралуу ӨКМдин чукул кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев маалымат жыйында айтты.
Ал "көлдүн ташып кетүү коркунучу тууралуу ӨКМ билген эмес" деген маалыматты четке какты.
"Биз көлдөрдү жыл сайын изилдейбиз. Быйыл дагы изилдөө иштерин жүргүзгөнбүз. Зындан көлү толуп келатканы тууралуу 17-августта бийликке эскерткенбиз. Тагыраагы, элди кабардар кылып, техникаларды даярдап, алдын алуу иштерин жүргүзгүлө дегенбиз. 21-августта Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Зындан көлүнүн жер астынан жырылып, суу киргени себеп болгон", - деди Сакыев.
Белгилей кетсек, 21-августта Ысык-Көлдөгү бийик тоолуу Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөн.
Туура-Суу айылынын жана Балык завод тилкесинин 500дөй тургуну Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Абал турукташкандан кийин жашоочулар үйлөрүнө кайткан.