"Кайдагы тамак?". Министр мугалимдерге тамакты жанына алып жүрүүнү сунуштады

Ысык-Көлдө өткөн педагогдордун август конференциясында Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерге тамакты жанына алып жүрүүсүн сунуштады.

Конференцияда мугалимдердин бири мамлекет алардын тамагына көңүл бурушу керек экенин айтып, ашкана ачууну сунуштаган.

Министр Кендирбаева мугалимдер жумушка түшкү тамагын алып келип, тыныгуу учурунда тамактанууга болорун айтты.

"Биринчиден, сиз саат алып, ийкемдүү график менен иштейсиз. Ортодо бош убакыт болот. Экинчиден, бардык өлкөдө ланч-бокс деген система бар. Жаныңызга эки кесим нан, алма салып, термос көтөрүп алсаңыз болот. Шаардык мугалимдерге боорум ооруйт. Аларга айылдыктардыкындай кошумча акы төлөнбөйт. Эртеден кечке чейин иштейт, эки маал тамакты көчөдөн ичет. Классында 45-50дөн окуучу окуйт. Жумушка 3-4 автобус менен келет. Айлык акылары силердикиндей эле. Мындан тышкары жумуштан кийин кошумча сабактарды ​​өтүшөт", - деди министр.

Министр мугалимдерге тамакты жанына алып жүрүүнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан