Таласта 402 миллион сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды 

Талас шаарынын базарынын аймагына караган 1,9 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалымдалгандай, “Талас айыл көмөк” мамлекеттик акционердик коомунун жетекчилиги мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен тил табышып жер тилкелерин жеке менчикке берген факт аныкталды.

Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 402,6 миллион сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.

Учурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иштери уланып жатканы айтылды.

Таласта мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан