Бишкек шаарында скутер менен жеңил автоунаа сүзүштү. Кырсык учурунда тартылган видеону жарандык активист Болот Ибрагимов социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады.
Айрым ЖМКлар окуя Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде болгонун жазып чыгышты.
Скутер менен Lexus унаасы сүзүшкөндөн кийин айдоочу унаадан түшүп, "Тез жардам" кызматын жана милиция кызматкерлерин чакырган.
Тийиштүү мекеме азырынча расмий маалымат бере элек.