ӨКМ Бишкектеги күйүүчү май сактоочу жайдан чыккан өрт боюнча маалымат берди 

Бүгүн, 24-августта Бишкектеги Профсоюз көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сакталган жайдан чыккан өрт өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, күйүүчү май сактоочу кампа жана Ford Transit үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түздү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылды.

Тилсиз жоо саат 14:58де чектөөгө алынып, саат 16:34дө толук өчүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан