УКМК тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун прокурорунун орун басары пара талап кылганга шектелип кармалды.
Атайын кызматтын 24-августта тараткан маалыматына ылайык, Ноокат районунун прокурорунун орун басары Э.С. кылмыш иши боюнча маселени чечкени үчүн ишкерден 4000 АКШ долларын талап кылган.
"Райондук прокуратура ишкерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесин менен кылмыш ишин козгоп, тергөөнү уюштуруу үчүн Ноокат РИИБине өткөрүп берген.
Э.С. кызматтык абалынан пайдаланып, тергөө органдарына кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна көзөмөлдүк кылып, тергөөчүлөргө ар кандай кысым көрсөтүп, мыйзамдын чегинде чечим чыгарууга тоскоолдук кылган. Ал эми ишкер мамлекетке келтирилген 121 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурууга даяр болгон. Бирок прокурордун орун басары ишкерди коркутуп, пара талап кылган", - деп айтылат маалыматта.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Э.С.нын жеке унаасын жана иш кабинетин тинтүү учурунда 3500 АКШ доллары табылганы айтылды.
Шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилди.