Кечээ, 23-августта Ысык-Көл облусунда КМШ өлкөлөрүнүн арасында жол кыймылынын жаш инспекторлорунун отряддарынын үч күндүк кароо-сынагы аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, сынак 21-августта башталып, 8 номинация боюнча өткөрүлдү. Ага Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 29 мектеп окуучусунан турган 6 команда катышты.
Сынактын жыйынтыгы менен:
1-орунду — Орусия жана Казакстандын командалары;
2-орунду — Өзбекстан жана Беларустун командалары;
3-орунду — Кыргызстан жана Тажикстандын командалары ээлеп, диплом, медаль, ыраазычылык кат жана баалуу белектер менен сыйланышты.