Кечээ, 24-август күнү кечинде Бишкектеги "Космо парк" соода борборунда бомба бар деген маалымат түшүп, соода борбордун ичиндегилер эвакуацияланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, соода борбордо бомба бар деген маалымат кечки саат 21:20да 102 кызматына түшкөн. Жерине дароо милиция кызматкерлери барышып, ичиндегилерди эвакуация кылышкан. Ичинде текшерүү жүргүзүлүп, бомба табылган эмес.
Текшерүүнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралардын негизинде соода борбор бир сааттын ичинде кайрадан ишин баштап, коноктор жана кызматкерлер ичине киришкен.
Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, чогултулган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары УКМКга жөнөтүлөт.