Футбол боюнча 17 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасынын Эл аралык мелдешке катыша турган курамы белгилүү болду

Футбол боюнча 17 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасынын Минск шаарында (Беларусь) өтө турган “Өнүктүрүү кубогу” Эл аралык мелдешке катыша турган курамы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 18-27-январь аралыгында өтөт. Кыргызстандык футболчулар тайпалык баскычта Украина жана Литва курама командаларына каршы турушат.

Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков (“Дордой” футболдук клубунан), Саринжи Субакожоев (ФЦ ФФКР).

Коргоочулар: Курмантай уулу Нуртай, Георгий Славный, Абдрасул Ахметов (баары “Дордой”), Акмаль Болотбаев, Анарбек уулу Акылбек, Айдар Мамбеталиев (баары ФЦ ФФКР), Азат Мурзашев(“Абдыш-Ата”)

Жарым коргоочулар: Азат Сматов, Алмаз Сматов (экөө тең “Абдыш-Ата”), Зарылык уулу Артур, Рамис Абдылдабеков, Ырысбек уулу Жанбото (баары “Дордой”), Мухамеджан Абдуллаев (ФЦ ФФКР).

Чабуулчулар: Виктор Кельм, Шамиль Билалов (экөө тең “Абдыш-Ата”), Жакшылык Анарбеков (РСДЮШОР).

Башкы машыктыруучу - Марат Израилов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazhiev80
2013-12-26 20:46:57
ийгилик Аллах жардам берсин!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан