Талас облусундагы Ак-Дөбө-Кызыл-Чарба унаа жолунун 2 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиргендей, азыркы тапта аталган жолдун 520 метрине асфальт төшөлүп бүттү.
Аталган жумуштар №47 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.