Бишкектеги борбордук аянтка түстүү фонтандар орнотулат 

Бишкектеги борборлук "Ала-Тоо" аянтында ар кандай түстө күйүп турган фонтандар жасалат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Назгүл Жамгырчиева Фейсбук баракчасына видео жүктөп билдирди.

Анда ал борбордук аянтты реконструкциялоо кандай жүрүп жатканын айтып берген. Тактап айтканда, имараттардагы терезелер алмаштырылып, өтмөктөрдүн үстүнө чатырлар орнотулуп, астына бак-дарак отургузулган чоң идиштер пайда болорун жана мүмкүнкүнчүлү чектелген адамдар үчүн атайын жол куруларын айтып өткөн.

"Кара граниттен жасалган кичинекей фонтандарды орнотуу иштери аяктап калды. Ортосунда түстүү фонтандар болот. Ага керектүү жабдыктар орнотулуп бүттү", - деген ал.

Мындан тышкары Маданият министрлиги тарабынан борбордук аянтта сахна жасалып, жабдуулар орнотулуп жатканы белгилүү болду.

Бишкектеги борбордук аянтта отту фонтандар жасалат 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан