Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жалпы сметалык баасы 22 миллион сомду түзгөн логистикалык кампа ачылды. Бул туурасында бүгүн, 26-августта Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
500 тонналык мөмө жемишти сактоочу кампа сезон убагында 10дон ашуун жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылат.
Мындан тышкары Жерге-Тал айылында мөмө жемиштин кагын кайра иштетүүчү логистикалык борбор сентябрь айынан тартып толук кандуу ишке бериле тургандыгы кошумчаланды.
"Ишкана сезон убагында 25 адамды туруктуу иш менен камсыз кылып, 50 тоннага чейинки мөмө жемишти кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Аны керектүү жабдык менен камсыздоого жалпысынан 26 миллион 800 миң сом сарпталган. Ишкана кара өрүктүн кагын кайра иштетип, таңгактап, даяр продукцияны Казакстанга, Орусияга жана Өзбекстанга экспортко чыгаруу каралган", - деп айтылат маалыматта.