Эртең, 27-август күнү Ош шаарында жаңы №49 муниципиалдык автобустар каттамга чыгат.
Шаардык мэриядан билдиргендей, аталган каттам №149 кичи автобус каттамын алмаштырат жана схемасы өзгөрбөйт. Автобустар Мады айылынын борборунан Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районуна чейин жүрөт.
Жаңы автобустук каттам 19 коомдук транспорттун аялдамасын камтыйт.