Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 26-августта ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрүп, жаңы окуу жылына карата коопсуздук чараларын күчөтүү керектигин эскертти.
ИИМ башчысы жалпы билим берүү мекемелеринде милиция кызматкерлери тынымсыз жолугушууларды уюштуруп, кылмыштуулукка жана укук бузууларга жол бербөө, жол кыймылынын эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.
Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине төмөнкүдөй тапшырмаларды койду:
- өспүрүмдөр тараптан жасалган кылмыштарга бөгөт коюу иштери күчөтүлгөн тартипте алып барылсын;
- өспүрүмдөрдүн катышуусунда резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин;
- мугалимдер, ата-энелер комитети, балдар иштери боюнча социалдык бөлүмдөр, жаштар уюмдары менен чогуу “биргелешкен иш-мерчем” түзүп, ким кайсы багыт боюнча иш алып барат деген милдеттерди так белгилеп, натыйжалуу жумуштар жүргүзүлсүн;
- жалпы билим берүү мекемелеринде болуп өтө турган иш-чараларга, ошол жердин жетекчилиги жооптуу болуп эсептелсе, мектептен тышкары ата-энелер жооптуу экендигин коомчулукка туура жеткирүү.
Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.