Борбор калаада капиталдык оңдоодон кийин эки көчө ачылат

Бүгүн, 26-августта Бишкектин Кумарык жана Трудовая көчөлөрү колдонууга берилет. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, капиталдык оңдоо 2024-жылга карата шаардык жолдорду капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге ылайык аткарылган.

"Эски асфальтын сыйруу, ирригация системасын жана бордюрларды орнотуу, ошондой эле ысык асфальт төшөө иштери аткарылды. Кумарык көчөсүндө Трудовая көчөсүнөн Пишпек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады. Трудовая көчөсүн капиталдык оңдоо Москва көчөсүнөн Кумарык көчөсүнө чейин жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан