Борбор калаадагы Туңгуч кичи районунда эки көчөдө жолду капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Ауэзов көчөсүндө Анкара көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейин бордюрлар орнотулуп, эски асфальт сыйрылып, тротуардын негизин даярдоо иштери аяктаган. Мындан тышкары тротуарды кеңейтүү жүргүзүлдү.
"Ошондой эле № 36/2 үйдүн түштүк тарабынан, №7 үйдүн түндүк тарабынан № 181 үйгө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери башталды. Учурда эски асфальтын сыйруу иштери, бордюр орнотуу иштери аяктап, жаңы ирригация системасын орнотуу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.