Таласта УКМК кызматкерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан учурда тоо-кен тармагындагы ишканалардын ээлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, кендерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Буга чейин аталган факты боюнча атайын кызмат тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон.
23-августта "П.А.Т." ЖЧКсынын ээлери М.В. жана Э.Д. аталган кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 миң доллар паранын бир бөлүгүн, тагыраагы 50 миң долларды УКМК кызматкерине өткөрүп берүү учурунда кармалды.
Кармалгандар Талас шаардык сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.