Орусиядагы Кыргыз диаспорасы Москвада теракт коркунучу бар экенин эскертти

Орусиядагы Кыргыз диаспора кеңешинин төрагасы Кубанычбек Осмонбеков видеокайрылуу жасап, Москвада теракт коркунучу бар экенин эскертти.

Мындан улам ал Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарды сак болууга чакырды.

"Орусиянын Ички иштер министрлигинен "кыргыз жарандарына маалымат жеткиргиле" деген тапшырма келди. Ага ылайык, эл аралык террористтик уюмдар жардыруу уюштурушу мүмкүн. Бардык кыргызстандыктарды, өзгөчө таксист, чабарман болуп иштеп жүргөндөрдү сак болууга чакырабыз. Анткени террористтер буюртма берүү менен жардыргыч затты эл көп топтолгон жайларга жөнөтүп, чабарман менен чогуу жардырганга аракет көрүп жатканы айтылды" - деди Осмонбеков.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан