Эртең, 27-августта «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы жол кыймылын толук жабуу менен Осмонкул көчөсүндөгү түтүктөрдү оңдоо иштерин баштайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, ошондой эле ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында ишкана Никитин жана Салиева көчөсүнүн ортосундагы Осмонкул көчөсүндөгү түтүктөрдү алмаштырат.
”Оңдоо иштери 27-августтан башталып, 13-сентябрга чейин уланат. Осмонкул көчөсүндө жол кыймылы толугу менен жабылат. Узундугу 127 метр, диаметри 325 миллиметр түтүктөр алмаштырылат. Жылуулук тармагынын бул участогу 1985-жылы ишке киргизилип, өзүнүн эксплуатациялоо мөөнөтүн өтөп бүткөн”, - деп айтылат маалыматта.