Футболчу Мирбек Ахматалиев эки айга камакка алынды 

"Мурас Юнайтед" футболдук клубунун мурдагы оюнчусу Мирбек Ахматалиев 22-сентябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалымат боюнча, спортчуну камакка алуу өтүнүчүн судьяга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү берген. Ал эми сот камакка алуу чечимин 22-августта чыгарган.

Спортчуга Кылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү" беренеси менен айып тагылууда.

Белгилей кетсек, кыргыз футболчусу Мирбек Ахматалиев өзүнүн командалашы, чет элдик футболчу Евгений Терси менен жаңжалдаша кетип, анын жаагын сындырып салган. Мындан улам Мирбек Ахматалиев футболго тиешелүү бардык ишмердүүлүктөн 5 жылга четтетилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан