Плющенко Орусиянын чемпиондугунда 15 жыл ичинде биринчи ирет жеңилүү ызасын тартты

Орусиялык Евгений Плющенко 1998-жылдан бери биринчи жолу Орусиянын муз үстүндө бийлөө боюнча биринчилигинде жеңилүү ызасын тартты. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда орусиялык басылмалар билдиришти.  

Маалыматка ылайык, муз үстүндө бийлөө боюнча Орусиянын 10 жолку чемпиону 2013-жылы жеңилүү ызасын тартты. Ал Орусиянын биринчилигинде топтогон упайлардын негизинде Максим Ковтунга уттуруп, 2-орунду ээлеп калды. Эми ал “Сочи-2014” Кышкы Олимпиада оюндарында жекеликте эмес, командалык жарыштарга гана түшүүгө укугу бар. 

Эске салсак, спортчу Орусиянын чемпиондугун биринчи жолу 1998/1999-жылкы  сезонунда уткан. Андан бери Плющенко өзү катышкан бардык биринчиликтерде жеңүүчү аталган. 2006- 2009-жылдар аралыгында ал түрдүү себептерден улам өлкө чемпиондугуна катышкан эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asus84
2013-12-27 09:35:39
ой молодец Плущенко карыды да андан да мыктылар бар бирок жюри бир гана аны коро берет мына эми rtptr жаштарга тийди алга
0
realbek89
2013-12-27 18:15:38
Озунун минге чыгып калганын сезбей эле Плющенко да кызык адам экен. Жаштарга жол бериш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан