Билим берүү министрлиги окуучулардын китеп менен камсыздалышы боюнча маалымат берди (видео)

Кыргызстандын мектептери 70 пайыз китеп менен камсыздалган. Жалпы мамлекеттик мектептердеги китепканаларда 11 миллион 816 миң 255 китеп бар. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки жылда 304 миллион сом китеп менен камсыздоого каралып, белгилүү жагдайлардан улам 16 миллиондон ашыгы мамлекетке кайтарылган. Ал эми 276 миллион 68 миң 800 сомго 2023-2024-окуу жылдарына 1 миллион 167 миң 935 нускада окуу комплекси “Учкун” басамаканасынан басылып чыгарылган. Ошондой эле көзү азиз балдар үчүн 276 китеп даярдалган.

Мындан тышкары окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде 129 аталышта, өзбек жана тажик тилиндеги мектептерде 147ден кем эмес аталыштагы окуу китептери болушу керек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2012-2022-окуу жылдарында окуучулардын саны 435 миң 414 балага көбөйгөн. Учурда толук кандуу мектептерди камсыздоо үчүн 17 миллион 236 миңден ашык нускада китеп басуу кажет.

Касымалиев мектеп окуу китептерин интернет айдыңында электрондук багытта тапса боло тургандыгын белгиледи.

Алар:

Электрондук китепкана: https://kitep.edu.gov.kg/kg;

Билим булагы: https://bb.edu.gov.kg/index.php/;

АйБилим: https://ibilim.edu.gov.kg/kyr/index.html.

Кыргызстанда жалпы 2377 мектеп бар. Алардын мамлекетке караштуусу 2137 болсо, жеке менчик мектептердин саны – 240 болуп саналат.

Билим берүү министрлиги окуу китептери боюнча
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан