Ушул жылдын 29-июлунда Ысык-Көл облусунда Каракол шаарынын 25 жаштагы тургуну белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, зордукталган жана кордолгон. Бул фактыны укук коргоо органдары тастыктаган.
Биздин редакцияга жабырлануучунун апасы Кыял Темирбекова кайрылды. Ал майыптыгы бар кызы кордолгонун айтып, акыйкаттык издеп жатканын кошумчалады.
“Майып кызымды уурдап кетишип, тоого алып барып арам иштерин жасашкан. Сарайда мал бактырып, үй оокатын кылдырышкан" дейт ал.
Окуянын чоо-жайын толугу менен порталдын ютуб каналынан көрө аласыздар.