
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чоң Чүй каналында 14 жаштагы өспүрүм изделип жатканын билдиришти.
Ага ылайык, өспүрүмдүн сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат 23-августта маалымдалган. Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары издөө ишине тартылып, натыйжа болгон эмес.
Бүгүн, 26-августта издөө иштерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын өздүк курамынан 54 куткаруучу, ИИМден 30 кызматкер жана туугандар тартылды.