
Ош шаарындагы Кыргыз көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратып, тилсиз жоо саат 16:01 толук өчкөнүн маалымдады.
Ага ылайык, болжолду өрттүн аянты 730 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок. Жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.