
30-августта Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде унаа кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр коюлат. ИИМ мындай чектөө майрамга карата даярдыктарга байланыштуу киргизилерин маалымдады.
Ал эми 31-августта калаанын Жибек-Жолу проспектиси, Жусуп Абдрахманов көчөсү, Киев көчөсү жана Манас проспектисинде унаа кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр болмокчу.
Белгилей кетсек, 31-августта өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстрада жылдыздары жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда гала-концерт
өтөт.