Кеминдеги "Апамдын каттамасы" кафесинин имаратынын эскиздик долбоору даярдалып, тийиштүү органдардын кароосунан өттү. Бул тууралуу кечээ, 26-августта Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда аталган аймакта курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, каралып жаткан кафенин мурунку имаратынын аймагы, поезд жолунун санитардык-коргоо чөлкөмүнө кирип, эс алуучуларга коопсуздук жагдайларды жараткан.
Ага ылайык, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү тарабынан башкы планына оңдоп түзөө киргизилип, ал эми эскизи коопсуздук ченемдерин эске алуу менен чийилди.