
31-август күнү Ош шаарынын борбордук аянтында өлкөнүн көз карандысыздыгынын 33 жылдык мааракеси белгиленет.
Шаардык мэриядан билдиргендей, майрамдык кече саат 19:00дө башталат.
Иш-чарада Ырыскелди Осмонкулов, Султан Садыралиев, Айым Айылчиева, Ырыскелди Сатыбалдиев, Темир Назаров жана башка кыргыз эстрада жылдыздары, Ош шаардык маданият башкармалыгынын ырчылары өнөрлөрүн тартуулайт.