Бишкек шаарында өтө турган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу айрым жолдорго убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
30-август күнү майрамдык даярдыктарга байланыштуу Чыңгыз Айтматов проспектинде автоунаанын жүрүшүнө маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр коюлат.
31-август күнү Жибек Жолу проспектиси, Жусуп Абдрахманов көчөсү, Киев көчөсү жана Манас проспектисинин бөлүктөрүндө автоунаанын жүрүшүнө маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр кирет.
ИИМ шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, жол эрежесин сактоону эскертет.