Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ормузан аймагында жайгашкан “Дөгмөн” кени расмий ишке кирүү алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Ага ылайык, аталган кен 30-августта өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылат.
Белгилей кетсек, кенди иштетүүгө жеке ишкер тарабынан 1,5 миллион инвестиция салынган.
Ишкана жылына 600 миң тонна көмүр өндүрүүсү күтүлөт.
"Ишкананын ишке кириши менен 120га чейин жумуш оруну түзүлөт.
Көмүр кени район борборунан 85 чакырым аралыкта жайгашкан", - деп айтылат маалыматта.