Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Кузя" кармалды

Бишкекте маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга 24-февраль күнү саат 3:00 чамасында Т.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Жибек Жолу проспектиси менен Будённый көчөсүнүн кесилишинде белгисиз жаран уюлдук телефонун тартып алып, изин жашырып кеткенин айткан

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш дүйнөсүндө "Кузя" деген ат менен белгилүү 41 жаштагы С.К. кармалды. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган.

"Ал Нарын облусунун "смотрящийи" болуп саналган. Бирок кармалгандар менен сүйлөшүү учурунда ал кылмыштуулук дүйнөсүнөн баш тартканын жана келечекте мыйзамды сыйлаган жаран катары жашай турганын билдирген.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги такталууда", - деп билдиришти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан