Биз социалдык тармакта

Сокулукта 10 жаштагы кызын кошунасына таштаган боюнча кайтып келбеген аял изделип жатат 

Чүй облусунун Сокулук районунда 39 жаштагы Инна Козлова изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 19-августта арыз келип түшкөн. Анда 17-август күнү Военно-Антоновка айылында 39 жаштагы аял 10 жаштагы кызын кошунасына таштап кеткен боюнча кайра кайтып келбегени айтылат.

Аталган факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кара түстө, дене түзүлүшү орто.

Кийген кийими: сезонго жараша кийинген.

Милиция көргөн-билгендер болсо 0312 60-75-67, 0313 45-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0701 80-18-03 номурларына кайрылууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан